Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Мамлекеттик банктарда аялдарды колдоо үчүн «Ишкер – Айым» жана «Айым – Кредит» атайын насыялык продуктулары түзүлгөн
20
Жетинин айы

Мамлекеттик банктарда аялдарды колдоо үчүн «Ишкер – Айым» жана «Айым – Кредит» атайын насыялык продуктулары түзүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги…» аттуу конференцияга катышуу учурунда билдирди. Өкмөт башчы эске салгандай, үстүбүздөгү жылдын июлунда өткөн «Жаңы импульс» ишкер айымдар боюнча улуттук конференциянын жыйынтыгында Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт ишкер айымдарды ар дайым колдойт
20
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкер айымдарды ар дайым колдойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги…» аттуу конференцияга катышуу учурунда билдирди. Өкмөт башчы ишкер айымдарды майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнү жана жергиликтүү коомчулуктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп өттү. «Мен чын жүрөгүмдөн биздин айымдарды – Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынына катышты
20
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Москва шаарында өткөн (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. ЕЭК Кеңешинин жыйынынын күн тартибине ички рыноктун иштөөсү, миграция, бажылык жөнгө салуу, техникалык жөндөө, баа түзүү, өнөр жай, соода тармагында жана өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Суу жана жер ресурстарын коргоо – Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири
19
Жетинин айы

Суу жана жер ресурстарын коргоо – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги Өнүктүрүү форумунда билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин форумда сүйлөгөн сөзү (кыскартылды): «Урматтуу Форумдун меймандары жана катышуучулары! Биздин өлкөдө 6516 мөңгү жайгашкан, анын жалпы аянты 8 миң чарчы километрди же Уландысы

Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлсө, Өкмөт ар бир балага 50 миң сомдон төлөйт
19
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 000 (элүү миң) сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөп берет. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет. Бул жардам үй-бүлөлөргө эрте өнүгүү мезгилинде социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган. Белгилей кетсек, үй-бүлөлөрдү Уландысы

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмү 1 млрд 356, 5 млн АКШ доллларын түздү
19
Жетинин айы

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экспортунун көлөмү 1 млрд 356, 5 млн АКШ доллларын түздү. Учурда ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолууда. Негизинен булар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Европа биримдиги (ЭБ), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) мүчө-өлкөлөр сындуу биримдиктер боюнча өнөктөш-өлкөлөр. Маалымдама: Кыргыз продукциясынын дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнө Уландысы

 
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР